ЖАЛАЛАБАТ. Облустун түрдүү аймактарынан келишкен отузга жакын киши жыйын өтүп жаткан облустук бийликтин имаратына түшкү саат он экиге дейре киргизилбей турду. Алар президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков менен жолугуштурууну талап кылышты. Атайын уруксат берилгенден кийин алар кадр саясаты аксап, ыңкылаптан кийин Жалалабатта өзгөрүү болбогондугун, ыңкылапчыларга жардам берилбей, коррупциянын күчтүүлүгүнөн паспорт жана жер алуу маселеси оор болуп жаткандыгын айтышты. Жумушсуздук жана миграция, Базаркоргон - Кызылүңкүр жолу оңдолбой, жаңгак уюлдары уурдалган жана жашоонун оор маселери козголду. Үсөн Сыдыков кыргыз финансы корпорациясынан 15 жылда айыл-кыштактарга 2,9 пайыз гана кредит бөлүнгөнүн белгилеп, коюлган маселелирди чечүүнү жергиликтүү бийликтерге тапшырды. Губернатор Жусупжан Жээнбеков ыңкылапта жараат алгандарга жардам берилгенин, акчалай кайрымдуулук кылууга казынада ашыкча акча жок экендигин билдирди.