БИШКЕК. Керектөөчүлөр үчүн газдын баасы буга чейин 3 сом 10 тыйын болуп келсе, эми 47 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу “Кыргызгаз” акционердик коомунун төрагасынын орун басары Саламат Айтикеев 4-январда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Өзбекстан менен газ боюнча кыйынчылыктар болбойт. Анткени өткөн жыл соңундагы эки тараптуу келишимге ылайык Кыргызстан кошуна өлкөдөн 750 млн.кубометр газдын миң кубометрин 55 доллардан насыя төлөмдөрдү төлөп сатып алат. Мурда мындай шарт жок эле, мунун бардыгы дүйнөлүк газ рыногундагы абалга байланыштуу. Газдын кымбатташынан саясий себеп издөөнүн кажети жок.