Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:28

«Хизб-ут-Тахрир» партиясы Курман айтты майрамдоого көңүл бурбайт деп өкмөттү сынга алды.


Бишкек. Кыргызстанда Курман айт майрамы жылдагыга караганда жогору деңгээлде өткөрүлүүгө тийиш. Ал үчүн өкмөт тарабынан бул майрамга тийиштүү деңгээлде көңүл бурулуп, акча каражаты бөлүнүшү керек. Мындай мазмундагы кайрылууну «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын өкүлдөрү 4-январда таратышты. Кайрылуу ээлери Кыргызстанда жаңы жыл майрамын тосууга өтө чоң өлчөмдөгү каражат бөлүнөт, ал эми мусулман майрамдарын белгилөөгө жетиштүү көңүл бурулбайт деген да нааразылыктарын билдиришкен. Бишкек мэриясынан алынган маалымат боюнча Алатоо аянтында жаңы жылга карата балатынын жасалгасына 60 миң сом сарпталды. Ал эми Бишкек шаарынын жасалгалары үчүн мэрия тарабынан 100 миң сом сыйлык каралды.

XS
SM
MD
LG