Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Курман айт 10-январда белгиленет

БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн 4-январдагы токтомуна ылайык 10-январда өлкө аймагында Курман айт майрам күнү катары белгиленет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Курман айт мусулмандардын ыйык күнү. Бул күнү колунда бар адамдар курмандыкка кой эчки, уй,төө союшат. Союлган малды үчкө бөлүп, колунда жок адамдарга садага беришип, кайрымдуулук кылышат. Алла Тааладан кеткен күнөө үчүн кечирим сурашып, ооруп жаткан адамдардын абалын сурап барышат.
Айт күнү мусулмандар Меккеге барышып зыярат кылып, ажылык милдетин аткарышат. Быйыл Кыргызстандан 7 миңге чукул адам Меккеге ажылык милдетин аткарууга кетишкен. Былтыр Курман айт 21-январда белгиленген.
XS
SM
MD
LG