Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Дүйнөдө өткөн жылы кызмат милдетин аркалап жатып алтымыш үч журналист мерт болду


Бул тууралуу баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун бүгүн жарыяланган иликтөөсүндө айтылган жана бул - акыркы он жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Аталган уюмдун айтымында, Ирак журналисттер үчүн эң кооптуу аймак бойдон кала берүүдө. Былтыр 63 журналисттин 24 Иракта мерт болгон. Экинчи орунда 7 журналист өмүрүнөн айрылган Филиппин турат. Мурдагы советтик республикалардан Азербайжан, Беларусия, Орусия, Казакстанда алты журналист кызматынан улам каза тапкан.

Мындан бир күн мурда Журналисттерди коргоо боюнча АКШда жайгашкан комитет да өз эсептөөсүнүн жыйынтыгын жарыяланган эле. Алардын билдирүүсүндө былтыр дүйнөдө кызмат милдетин аркалап жатып өмүрүнөн айрылган журналисттердин саны 47 экенин айтылган болчу.

Эл аралык жаңылыктар топтомун Жаңыл Жусупжан кызы жана Улан Эшматов даярдады.

XS
SM
MD
LG