Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Ооганстанда балдар менен кыздар аралаш окуган мектептин директору өлтүрүлүп кетти


Забул провинциясынын жергиликтүү өкмөтүнөн билдиришкендей, Маалим Абдул Хабиб провинциянын баш калаасы Калат шаарындагы өз үйүндө өткөн түнү киши колдуу болду. Хабиб 1300дөй кыздар жана балдар окуган мектептин директору болчу. Провинциянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы кол салуу үчүн талибдерди күнөөлөп, талибдер кыздардын билим алышына гана кастарын тигишет деди.

Октябрь айында Кандагар провинциясындагы эркек балдар окуган мектептердин биринин директорун куралчандар окуучулардын көз алдында өлтүрүп кетишкен эле.

XS
SM
MD
LG