Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Бозадыр чегара бекетиндеги бейбаштыкка өзбек атуулдары күнөлүү.


БАТКЕН: Жаңы жыл астында Баткен районундагы Бозадыр чегара бекетинде чыккан жаңжал териштирилип, ага өзбекстандык уландар күнөлүү болуп чыкты. Бул тууралуу 5-январда Баткен облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев билдирди.
31-декабрь күнү кыргыз чегара бекетине Өзбекстандын Сох районуна караштуу Шаркабат айылынан эки жигит мас болуп келип тийишкендиктен, чегарачылар аларды кармап милицияга өткөзүп беришкен.Ошондон кийин Шаркабат айылынын тургундары чегара бекетине келип, кыргыз чегарачыларын өзбек жарандарын уруп согуп акчаларын тартып алышты деп айыптап чыгышкан. Эки тараптын бийлик өкүлдөрү чогулуп чатакты териштиришкенде, чегарадагы чатакка мас болуп чегарачыларга тийишкен өзбек жигиттери күнөлүү деп табылды.

XS
SM
MD
LG