Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

«Кыргыз турак-жай» федерациясы түзүлдү


БИШКЕК. Бишкекте үй куруучулардын жана жерге муктаж адамдардын «Кыргыз турак жай» деп аталган федерация сы түзүлдү. Анын курамына 67 коомдук бирикме жана үй куруучулар ассоцациясы, көп кабаттуу уй куруу кооперативдери кирет. Федерация негизинен жер алабыз деп, баш аламан жүргөн жарандардын башын бириктирүү, жерге муктаж адамдардын турак жай маселесин чечүү масктын көздөйт. Мындан сырткары турак жай маселесин чечүү багытында узак мөөнөттөгү ипотекалык инвестицияны тартуу аракеттерин көрөт. Республиканын бардык аймактарында иш жүргүзүүнү көздөгөн бул федерация 28-январда биринчи курултайын өткөрөт. Ага республиканын аймагынан 800дөй делегат катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган федерациянын президенти Анвар Алдеков 5-январда билдирди.

XS
SM
MD
LG