Иракта бүгүн ишке ашырылган эки террор аракетинен жүзгө жакын адам курман болду. Түштүктөгү Карбала шаарында имам Хусейндин мечити алдында чогулган эл арасында бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден элүүгө жакын адам өлүп, дагы элүүдөй киши жараат алды. Башка бир жан кечти өзүн батыштагы Рамади шаарындагы полиция түйүнүнүн алдында жардырып жиберген жана ал жерде дагы элүүгө жакын адам өлдү. Полиция түйүнүнүн жанына жумуш издеген адамдар чогулуп турган. Андан тышкары Багдад шаарында да бүгүн үч бомба жарылды.