Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

МУРДА КЕМИНИЗМ, АЗЫР ТЕҢИРИЗМ. КОНСТИТУЦИЯ ТАГДЫРЫ КАНДАЙ ЧЕЧИЛЕТ? ЭКОНОМИКАНЫ ЭМНЕ КҮТӨТ?


Март ыңкылабынан кийин өлкөнүн экономикалык абалы боюнча эл аралык да, жергиликтүү эксперттер ар кыл алдын ала пикирлерин айтышкан. Өлкөдөгү экономикалык абал жана министрликтин пландары тууралуу каржы министри Акылбек Жапаров “Акипресс”журналына берген интервьюсунда кеңири айтып берди. Ал эми Конституцияны реформалоо маселеси тууралуу “Жаңы кылым”гезити жазды.

Ошентип көптөн күткөн Жаңы жыл да келип, ит жылынын алгачкы күндөрүндө жашай баштадык. “Жаңы кылым” гезитинин 6-декабрда чыккан санында “Ит жылында конституция кандай чечилет?” деген макала орун алды. Автордун жазышынча, эгерде өткөн жылдагыдай болуп, Башмыйзамды реформалоо ыксыз создуктурула бере турган болсо, ал өлкөбүздөгү саясий гана эмес, экономикалык, социалдык абалына да терс таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан мамлекетти башкаруунун формасы ушул жылдын 1-кварталында чечилип, 2-кварталында Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү парламент тарабынан кабыл алынса жакшы болот эле.

“Баштаба, баштаган соң таштаба, аны ыксыз создуктурба дегендей ит жылынын алгачкы чейрегинде Башмыйзамды реформалоону аягына чыгаруу учурун эң башкы милдети болуп турат”, деп автор макаласын жыйынтыктайт.

Гезиттин ушул эле санында “Мурда “Кеминизмге” сыйынсак эми “Теңиризмге” сыйынабызбы?” деген макала чыкты. Анда автор Жыпар Жээналиева жакында Бишкекте болуп өткөн элдик курултай тууралуу сөз кылат.
“Акаевдин учурунда иштеген жетекчилердин кызматтан кетсин деп бекиткен 43 тизмесине толугу менен мен кошула албайм. Республикада 5 миллионго жетпеген калкы болсо, анда мамлекет кызматына тарбияланган жетекчилердин барын кетирип жиберип, биз кытайдан жетекчилерди сурап келебизби?” деп жазат автор.

Андан ары автор: эгерде, биздин мамлекет турукташпай, кызматынан кол жуугандар же ич күптүлүгү барлар баягы “дежурный пикетчилерди” алып чыга бере турган болсо, биздин экономикабыз көтөрүлмөк тургай төмөн карай чана менен түшүп кетет, деген ою менен макаласын улайт.


Республикага чоң көлөмдөгү мыйзамсыз жол менен келген төмөн сапаттагы спирт продукциясы келүүдө. Андыктан бюджет миллиондогон сомдорду жоготууда, ал эми калк-ден соолугун жоготууда.

Бул маселе боюнча “Вечерний Бишкек”гезитинде орун алган “Спирт толкунунда” деген макалада сөз болот. Анда автор Любовь Борисенко “Эмне үчүн парламентарийлер жана чиновниктер бул маселени чечүүгө шашылбайт, балким мындай жагдай алардын өздөрүнө ыңгайлуу болуп жүрбөсүн”деген пикирин келтирет.
Макалага ылайык, төмөн сапаттагы алкоголдук ичимдиктерден республикада жашаган калктын бештен бир бөлүгү жапа чегет. Ал эми акыркы учурда спирт продукциясынан каза болгон учурлар көп кездешүүдө. Спирттин контрабандалык жолу менен алынып келиниши көмүскө бизнесинде чөң кирешени алып келет.

Ал эми “Акипресс” журналынын декабрдагы санында экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров менен жаңы бийликтин жаңы экономикалык саясаты тууралуу маек орун алды. Анда министр март ыңкылабынан кийин каржы министрликте кандай өзгөрүүлөр болгондугу тууралуу айтат.

“Буга чейин каржы министрлик негизинен мамлекттик бюждет менен алектенип келген болсо, учурда министрликтин максаттары башкада. Мисалы биринчи ирээт биз экономиканын өнүгүүсүн 8 пайызга көтөрүшүбүз керек. Аны үчүн бир катар мыйзамдар кабыл алынышы керек ”, деп журналга берген мекте айткан. Ал эми бюджет боюнча кеп кылып, министр 2006-жылдын бюджети биринчиден социалдык жаткан коюлган талаптарга жооп бериши керек.Ошондуктан бюджеттин 49 пайызы социалдык тармакка жумшалганын билдирди. Акылбек Жапаровдун пикиринде, айрым оппоненттердин экономикабыз тууралуу анча жакшы эмес алдын ала маалыматтарына карабастан, өлкөнүн каржы-экономикалык системасы бутунда тура алды.
XS
SM
MD
LG