Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясы уюшулду


БИШКЕК. 6-декабрда Бишкекте Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу «Аккеме» мейманканасында өткөн жыйында расмий түрдө жарыяланды. Анын курамына "Демократиялык күчтөр биримдиги", «Ата Мекен», «Менин өлкөм», «Арнамыс» жана башка партиялар, ошондой эле «Атажурт» коомдук-саясий кыймылы, Кыргызстан ишкерлеринин биримдиги, «Эл эрки» улуттук патриоттук кыймылы, бир катар укук коргоо, коомдук уюмдар кирди. Жыйында Элдик коалицияга кирген саясий уюмдарды бириктирген башкы көз караш өлкөнүн келечектеги мамлекеттик башкаруу системасына байланыштуу болгондугу тууралуу айтылды.
«Бизди Кыргызстандын келечектеги саясий системасына байланыштуу көз караш бириктирет. Бул – парламенттик башкаруу,- деп билдирди Жогорку Кеңештин төрагасы, «Атамекен» социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев.- Биздин пикирибизде ушул формадагы башкаруу биздин өлкөгө ылайыктуу. Коалицияга бириккен саясий уюмдар парламенттик башкарууга өтүү боюнча аракеттерибизди көрөбүз. Өлкөдөгү мамлекеттик системасын биз ушундай башкарууга өтүү аркылуу гана жакшырта алабыз».

Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясынын координатору болуп Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын тең төрагасы Кубатбек Байболов шайланды.

XS
SM
MD
LG