БИШКЕК. 6-январда Мамлекет башчы Курманбек Бакиев Ош облусунда болду. Ал Карасуу районундагы Султан Ибраимов атындагы Папан суу сактагычынын Дүйнөлүк Банктын каржылоосунун жардамы менен жаңыртылып оңдолгонуна байланыштуу суу сактагычты ачуу аземине катышты.
Папан суу сактагычында сакталган 260 млн. куб. метр суу облустун 30 миң гектар жерин жана Өзбекстандын 9,5 миң гектар жерин сугарууга жумшалат.
Президент ошондой эле Өзгөн районундагы “Мырза” суу каналынын ачылышына катышты. Айыл тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйү менен жакындан таанышты. Ал 2006-жыл өлкөдө экономиканы көтөрүү жылы болорун белгиледи.