Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Жылуулук жана электр кубаты боюнча кырдаал оор


НАРЫН. 2005-2006-жылдагы кышка даярдык өз деңгээлинде жүргүзүлбөгөндүгү белгилүү болууда. Нарын шаарындагы бир катар көп кабаттуу үйлөргө жылуулук талапка ылайык берилбегендиктен электр энергиясын кошумча пайдалануу керектелип, натыйжада электр жарыгынын өчүүлөрү орун алууда. Мындай маалыматтар 7-январда облус губернаторунун биринчи орунбасары Исабек Абдыгазиев өткөргөн чукул чакырылган кеңешмеде белгиленгендигин губернатордун маалымат катчысы Айсалкын Карасартова билдирди. Өткөн жылы облуста ушул күндөрдө бир суткада 58 млн. киловатт саат электр энергияга керектелсе, быйыл бул көрсөткүч 62 млн. киловатт саатка өскөн. Ошондуктан кеңешмеде жер-жерлерде электрди пайдаланууну күчөтүлгөн абалга өткөрүү жагы жактырылган. Анткени электр тармактар ишканалар жетекчилери электр энергия өлчөмүн дагы кошумча алуу мүмкүн эместигин белгилешкен. Айта кетүүчү сөз, жыл тогошоор маалдагы сууктун күчөгөндүгүнөн Нарын шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн айрым батирлеринин жана бала бакчанын батареялары жарылууга дуушар болгон.


8-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 8-январда Кыргызстанда ала булут каптап турат, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

ТАЛАС облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -2... +3 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ жана ЧҮЙ аймактарында түнкүсүн -8...-13, күндүз -2... +3 градус.
ЫСЫККӨЛ өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз -3...+2 градус.
НАРЫНда түнкүсүн -20...-25, күндүз -9...-14 градус.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -9...-11, күндүз -1...+1 градус.
Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Чолпон Орозобекова жана облустук кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG