Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Кыргызстандык зияратчылардын көбү Мекеге жетти


БИШКЕК. Сауд Арабиясына Кыргызстандан учак менен чыккан 1700дөй адам Меке шаарында жатаканаларга жайгашышты. Бул тууралуу Мекеден ажылыкты уюштуруу боюнча штабынын мүчөсү Даут Абы уулу телефон аркылуу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 6- январдагы маалымат боюнча жолго чыккан 90дон ашык автобустун алтоосу Мекеге 6- январда кечинде жеткен, калгандары боюнча соңку маалымат азырынча жок. Мекедеги штабдын дагы бир мүчөсү Марат ажы Усупов “Азаттыкка” билдиргенине караганда көбүнчөсү улгайган адамдар болгондуктан жолдон кыйналгандары да болду. Аларга штаб дары- дармек жактан жардам берди. Зияратчыларды Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгери Акбараалы Махмадиев коштоп жүрөт.

XS
SM
MD
LG