Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Үшүк алгандардын көбү үй- жайы жоктор


БИШКЕК. Январь айындагы катуу сууктан улам күнүгө үй- жайы жок 3-4 адам көчөдө тоңуп өлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов журналисттерге 6-январда билдирди. Ал эми Бишкектеги Улуттук травматологиялык- ортопедиялык борбордун башкы директору Сабыр Жумабеков “Азаттыкка” билдиргенге караганда, учурда суукта үшүк алган 50дөй адам дарыланууда. Алардын 20дайы мас абалында көчөдө калып калгандар болсо, калганы үй- жайы жоктор. Сабыр Жумабековдун айтымында, кароосуз калган адамдарды мамлекеттин эсебинен бекер дарылап атышат. Ал эми Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов билдиргенге караганда, Христостун туулган күнү жана Курман айтка байланыштуу ички иштер кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешет.

XS
SM
MD
LG