Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Президент араб жана мусулман өлкөлөрдү куттуктады


БИШКЕК. Диний ишеним бизди бөлүп-жарбай, тескерисинче, башыбызды бириктирип, ынтымак-ырашкерликке, жакшылыкка, ыйманга жана аруулукка багыттаса, ошондо биздин жашообуз күндөн күнгө оңолуп, улам жакшы жөрөлгөлөр боло бермекчи. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиевдин кыргыз элине Курман айт майрамына карата куттуктоосунда айтылган. Мамлекет башчы ажылык сапарга аттангандарга ажылыгы кабыл болсун деген тилегин айтты. Курман айт 10-январда болот. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов бул күнү майрамдагыдай болуп, үйлөрдү кыдырып, жакшы тилектер айтылып, көзү өткөндөргө куран окулушу керек деп билдирди. Президент Курманбек Бакиев 6- январда араб жана мусулман өлкөлөрдүн башчыларына куттуктоо телеграммаларын жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

XS
SM
MD
LG