БИШКЕК. АКШнын “Heritage Foundation”деп аталган билим берүү жана изилдөө институтунун иликтөөсү боюнча Кыргызстандын экономикасы “негизинен эркин” деп табылган. Ошентип Кыргызстан экономикалык деңгээли боюнча 157 мамлекеттин ичинен 71-орунду ээлеп, Орусия менен Казакстандан да алдыңкы орунга чыкты. Казахстан 113-орунду, Тажикистан 137, Өзбекстан 144- орунду ээледи. Америкалык институттун эксперттеринин тыянагына караганда, жыл өткөн сайын дүйнөлүк экономика улам эркин болуп баратат. Экономика эркиндиги соода саясаты, тышкы карыз, улуттук валютанын абалы, банк секторундагы атаандаштык, капиталдын жүгүрүшү, тышкы инвестиция өңдүү факторлорду иликтөө аркылуу аныкталган.