Европа Биримдиги Тегеранга кайрылып, эгер ал өзөктүк программаларын кайра жандантса, аны менен жаңы сүйлөшүү келечекте өткөрүлбөй калышы мүмкүн деп билдирди. Иран болсо кошуна Иракта мындан бир апта мурда тогуз ирандык аскердин барымтага алынганы үчүн АКШны күнөөлөдү. Ирандын ички иштер министрлигинин айтымында, аларды талибдер менен байланышкан лашкерлер туткунга алып кеткен, ал лашкерлерди болсо америкалык аскерий жетекчилик колдойт дейт министрлик.