Израилде өткөрүлгөн элдик сурамжылоолордун жыйынтыктарына караганда, премьер Ариэл Шарон ооруп жатканына карабастан, ал жакында негиздеген жаңы партия элдик колдоого баары бир ээ жана 28-мартка дайындалган кезексиз парламенттик шайлоого Шарон өзү катышпаса дагы, анын партиясы добуштардын 40 пайызын чогулта алат. Өкмөт башчынын милдетин азыр биринчи вице-премьер аткарууда. Шарондун оорусу менен байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Индонезия менен Австралияга пландалган сапарынан баш тартты.