Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ.


Айжан Шаботева, Бишкек Өткөн аптада тажик кинорежисеру Сафарбек Солиев киноишмерлери менен жолугушту. Кыргыз драма театрынын артистери жаңы жылдык жомок көрсөтүштү. “25 кадр” журналынын демилгеси менен кыргыз драма театрында 7-декабрда рождествого арналган концерт болуп өттү.

Тажик кинорежисеру Сафарбек Солиев шейшемби күнү киноүйүндө көрөрмандар, кыргыз кинорежисерлору менен жолугушту. Бул иш чаранын алкагында режисердун жаңы тарткан “Күтүүнүнүн күндөлүгү” аттуу тасмасынын бет ачары болду. 1сааттан ашык убакытка созулган бул тасмада Борбор Азияда жашаган элдердин күнүмдүк турмушу баяндалган. Кинорежисер Сафарбек Солиевдин айтымында биринчи жолу кыргыз кинокүйөрмандарынын сынына коюлган бул тасма эми Душанбеде көрсөтүлмөкчү, андан кийин Берлин, Швейцария жана Нью-Йоркто өтүүчү фестивальдарда көрсөтүлмөкчү. Кинорежисер ошондой эле өз сөзүндө эгерде финансылык жактан колдоо болсо келечекте Кыргызстанда кино тартууну пландаштырып жаткандыгын айтып өттү.

-Кыргызстандын жаратылышынын ажайып кооздугу, мыкты актер, режисерлору кино тартууга толук мүмкүнчүлүктү түзөт. Союз убагында эле кыргыз киносу бийик деңгээлде турган. Эгер каражат жагынан мүмкүнчүлүк болсо жакынкы убактарда кыргыз киноишмерлери менен тасма тартсам деген тилегим бар.

Кыргыз драма театрынын артистери ишембиде атайын жаңы жылдык жомок көрсөтүштү. Балдар үчүн арналып коюлган бул жомок бир саатка созулду, андан кийин түрдүү оюндар көрсөтүлдү. Негизинен театрдын жамааты майрамдык программаны 24-декабрдан башташкан. Анын ичинде жогорку окуу жайлардын студенттерине, ар кандай мекемелердин кызматкерлерине концерттик программаларын тарттуулашкан. Ошону менен бирге өлкөбүздөгү балдар үйүндө тарбияланып жаткан өспүрүмдөргө да кайрымдуулук акциясын өткөрүшкөн. Оюндун режисеру Марат Козукеевдин айтымында мурунку жылдары Кыргызстандын аймактарын да кыдырышып, элет жериндеги балдарга майрамдык маанай тартуулашчу, быйыл кандайдыр бир себептерге байланыштуу андай иш чараларды өткөрүшкөн эмес.

“25 кадр” журналынын демилгеси менен кыргыз драма театрында 7-декабрда рождествого арналган концерт болуп өттү. Кайрымдуулук акциясы катарында уюштурулган бул кечени кыргыз эстрада ырчылары, куудулдар, бий топтору, балдардын хор ансамблдери коштоду. Журналдын продюсердик борборунун жетекчиси Астра Исмаилова өткөрүлүп жаткан концерттин өзгөчөлүктөрү туурасында буларга токтолду:

-Бул концерттин башка өтүп жаткан концерттерден айырмасы бар. Бул жерде артистерге атайын дайындалган кыздар көйнөгүн кийгизип, эмне ичип, эмне жеерине чейин сурап, официянт катары тейлешет. Мына ошол кыргыз элине жаңыдан таанылып келе жаткан жана элибизге кызмат кылган ырчыларыбызга сый көрсөтсөк, бул концерт башкаларга да сабак болоор деген тилек менен уюштуруп жатабыз.

Концертти өткөрүүнүн негизги максаты “25 кадр” журналын окурмандарга тааныштыруу болду деп кошумчалады аталган журналдын продюсердик борборунун жетекчиси Астра Исмаилова.
XS
SM
MD
LG