Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Чыр-чатактарды изилдөө боюнча жаңы долбоор иштей баштады


ЖАЛАЛАБАТ. ПРООНдун «Түштүк Кыргызстандагы келишпөөчүлүктү жоюу” деген долбоору сынактан өткөн беш байкоочуга чыр-чатактардын жаралуу, өнүгүү себептерин, ага карата бийлик менен укук жана тартип коргоо уюмдары менен коомчулуктун мамилесин изилдөө иштерин тапшырды. Байкоонун жыйынтыгы тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу үчүн жыл аягында кыргыз өкмөтүнө жиберилет.
Облустагы жакырчылык менен жумушсуздук, социалдык экономикалык начар абал, жер, суу, чек ара көйгөйлөрү, менчиктештирүүнүн туура эмес өткөрүлүшү, улуттук кайра бөлүштүрүү корунун жерлерин мурдагы чиновниктердин пайдаланып келүүсү түрдүү учурларда облуста келишпестиктерди жаратуусу ыктымал. Мындай маалымат 8-январда аталган долбоордун облустагы өкүлү Талант Кайымовдон алынды.


Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 9-январда түнкүсүн Кыргызстандын айрым аймактарында ал эми күндүз көпчүлүк облустарда кар жаайт. Жол тайгак болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5 градус.
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2 градус.
Ысыккөл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3.
Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -7...-12 градус.
Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз +1...+3 градус.


Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Шайырбек Эркин уулу даярдады.

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG