Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Муфтий динди саясий оюнга айлантууга каршы


БИШКЕК. Ушул жумада өздөрүн «Аль-Ислам» мусулман жамааты деп атаган топ маалымат каржаттары аркылуу өлкө президентине, кыргыз өкмөтүнө кайрылуу жолдоп, мамлекет мусулмандардын Орозо жана Курман айт майрамдарына жетиштүү көңүл бурбай, башка майрамдардагыдай каражат бөлбөй жаткандыгы жөнүндө нааразылык билдирүү таратышкан. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы Жуманов 8-январда «Азаттыкка» берген маегинде, мындай кайрылууга эч кандай негиз жоктугун билдирди:

- Мамлекет азыр өз ишин жасап жатат. Мындай маанидеги кайрылуулар туура эмес. Динди саясий оюнга аралаштырууга жол берилбеши керек.Мамлекет жетекчилерине учурда расмий кызмат кылып жаткан молдокелерибизден, казы-имамдарыбыздан, мечитке келип жаткан мусулман жамааттарынан андай кайрылуулар, талаптар болгон жок.

Курман айт майрамы Кыргызстандын аймагында 10-январда белгиленет. Бул күн расмий түрдө эс алуу күнү катары жарыяланган.

XS
SM
MD
LG