Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү Жалалабатта болот


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча өкмөттүк делегациялар ортосундагы быйылкы жылдагы алгачкы сүйлөшүү февраль айында Жалалабат облусунда өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» кыргыз өкмөтүнүн алдындагы регионалдык маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Саламат Аламановдун айтымында, учурда өкмөттөр аралык комиссия чек ара тилкесинин татаал маселелери бар бөлүктөрүнүн үстүндө иш алып барууда. Жалпысынан кыргыз-өзбек чек арасында эки тарап бир пикирге келе албай жаткан 50 чакты аймак бар.

Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия 2000-жылдан бери иш жүргүзүүдө. Бул арада жалпы узундугу 1295 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин 1038 чакырымы такталды.

XS
SM
MD
LG