Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Кыргызстандан ажы сапарына аттангандар Мекеге жетип жайгаша башташты


БИШКЕК. 8-январда Мекке шаарында ажылык жөрөлгөлөрү башталды. Бул күнү Кыргызстандан барган зыяратчылар да Мекке шаарынан 15 чакырым алыстыктагы Мина аймагындагы чатырларга келип жайгашышты. Алар бул жерде ажылыктын эн негизги жөрөлгөсү - Арафат тоосуна чыгуу алдындагы руханий даярдыктан өтүшөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Меккеден телефон аркылуу кыргызстандык зыяратчы Абдышүкүр Нарматов буларды билдирди:

- Зулхижжа айынын сегизинчи күнү Минага чыгуу менен башталат. Мекке шаарындагы базарлардан, бийик имараттардан жана башка нерселерден алыстап, ажылыктын негизги маселеси Арафат тосуна чыгуу эртең болот. Ошондуктан бардык зыяратчылар ушул жерге келип, Арафат күнүнө өзөрүн руханий жактан даярдоо алдында турабыз.

Ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын мүчөсү Даут Абы уулу 8-январда Меккеден телефон аркылуу “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда Кыргызстандан учак менен барган 1600дөй зыяратчы Мина аймагындагы чатырларга жайгашышты. Мындан сырткары Кыргызстандан Сауд Арабиясын көздөй жолго чыккан 90дон ашуун автобустун алтоосу, 6-январда, дагы экөөсү 7-январда Меккеге жетти. Маалыматтарга караганда, автобус менен барган калган зыяратчылар да учурда Сауд Арабиянын чегине жетишкен. Быйыл Кыргызстандан ажылык милдетин өтөө үчүн жалпысынан 5 миң зыяратчы жолго чыккан. Алардын 3400ү автобус, калганы учак менен сапарга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG