Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Түркияда дагы үч киши куш тумоосуна чалдыкты


Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясында куштардын тумоосуна каршы катуу чаралар көрүлүүдө. Кабарчылардын билдиришинче, бакма канаттууларды жок кылууга айрым чарбалар каршылык көрсөтүп жатышат.
Армения жана Иранга жакын жайгашкан Ван шаарында каза тапкан эки бала куш тумоосунун H5N1 вирусунан өлгөнү ырасталды. Ооруулу эки бала доктурга жаткырылган.
Иран бийликтери Түркиянын чек арасында контроль күчөтүлгөнүн билдиришти.

Анкара шаарынын губернатору Кемал Онал ооруканага шашылыш жаткырылган үч киши, анын ичинде эки балага куш тумоосу жукканын тастыктады.
Эки бала Анкарадан 100 чакырым түндүк батыштагы Бейпазари кыштагынан.

XS
SM
MD
LG