Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:05

Атактуу спортсмен Раатбек Санатбаевди атып кетишти.


Раатбек Санатбаев 8-январда жалданма киши өлтүргүчтөрдүн аткан огунан каза болду. Окуя Бишкекте кечки саат жети ченде болгон. Раатбек Санатбаевди Бишкектеги жетинчи кичирайондогу инисинин үйүнө кирип бара жатканда аркасынан атышкан. Бир нече жолу атылган ок башына тийген. Раатбек Санатбаев ооруканага жетпей жан берген.

Раатбек Санатбаев 36 гана жашта болчу. Ал грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Азия оюндарында эки жолу күмүш байге ээси болуп эл-журтка таанылган. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргызстандын жаштар сыйлыгынын лауреаты. Соңку мезгилде Олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеп келген.

XS
SM
MD
LG