БИШКЕК. Мындай мазмундагы расмий көңүл айтууга Курманбек Бакиев, Феликс Кулов, Үсөн Сыдыков, Дастан Сарыгулов баштаган жоон-топ мамлекеттик ишмерлер кол койгон. Олимпиадалык оюндар баштаган көптөгөн эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү, белгилүү спорт чебери Раатбек Санатбаев 1969-жылы Жалалабад шаарында туулган. Ал дене-тарбия институтунда грек-рим күрөшү боюнча окутуучу адистигин алган, кийинчерээк Кыргыз-славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн. Грек-рим күрөшү боюнча спорттук мыкты көрсөткүчтөр 1984-жылы башталган. Эл аралык спорт турнирлеринин 12 жолку жеңүүчүсү болгон. Ал бардык эл аралык спорт оюндарында жана олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын туусун көтөрүү укугуна ээ болуп келген. 8-январда кечинде Раатбек Санатбаев машыгуудан кайтып, 7-микрорайондогу биртууганынын үйүнө кирип баратканда ага ок атылган. Ал ооруканага жетпей көз жумган.