Рим папасы Иоан Павел экинчинин өмүрүнө 1981-жылы кол салган Али Агжа Түркия абагынан ушул жумада чыгарылат. Иоан Павел экинчи 1983-жылы Италия абагында Агжа менен жолугушуп, аны жасаган кылмышы үчүн кечирген.Агжа Италияда 20 жылга кесилип, ал мөөтнөтү аяктагандан кийин Түркияга өткөрүлүп берилген. Түркияда аны башка кылмыш иштери боюнча соттошкон эле. Али Агжанын Рим Папасына өмүрүнө кол салуусунун себептери ушул кезге чейин аныктала элек.