Ирандын атомдук программасын кайра баштоосу жаман белги жана ал терс натыйжасыз калбайт, деп билдирди Германиянын тышкы иштер министри. Бирок Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хамид Реза Асефи бул жерде чочулай турган эч нерсе жок экенин билдирген:
-Биздин өнүктүрүү жана иликтөө программабыздын алкагында жасап жатканыбыз Эл аралык атомдук энергия агенттигинин жана атомдук куралды жайылтпоо боюнча келишимдин эрежелеринен чыкпайт. Батыш кош стандарттуулукка алдырбайт деп үмүттөнөбүз. Биз МАГАТЭнин көзөмөлү астында иликтөө укугубуздан пайдаланып жатабыз.Ошондуктан чочулоого эч кандай негиз жок.