Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

ТҮРКИЯНЫ КУШТАР ТУМООСУНУН КАРААНЫ КАПТАДЫ


Венера Сагындык кызы, Бишкек Түркияда куштар тумоосу акырындап жайылып, аны жуктурган адамдардын саны, ырасмий маалыматтар боюнча, 14 кишиге жетти. Адегенде бир үй бүлөдөн эки бала канаттуулар вирусунан каза тапкан, кийин алардын 9 жашар бир тууганы да чарчап калды. Кооптуу илдетке байланыштуу кабарлар Түркиянын чыгыш тарабында жашаган калктын тынчын ала баштады.

Түркиянын Ван чөлкөмүндө 3 өспүрүм куштар тумоосунан чарчады деген кабар жергиликтүү калк арасында кооптонуу жаратты.

-Биз канаттуулардан оолак болууга аракет кылуудабыз. Тооктун этин жебей калдык, алда эмне болуп кетет деп.
-Биз коркуп калдык. Эмне ичип, эмне жээрди билбей башыбыз маң. Канаттуулардын этин, жумурткасын албай калдым. Дүкөндөн колбаса сатып алсам да, ага тооктун эти кошулганбы деп чочулап турам. Элдин баары ушинтип коркуп турат.

Бул дүйшөмбү күнү “Азаттыктын” кабарчысы менен маектешкен Анкаранын катардагы тургундарынын айткандары. Ванда чарчап калган жаш балдар вирусту кандайча жуктуруп алганы беймаалым, мал багууга адистешкен жергиликтүү эл ушу тапта үй канаттууларынан катуу чочулап, шаштысы кетип турган кез. Жекшембиде Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Режеп Акдак азырынча канаттуулар тумоосу кишиден кишиге жугаарын далилдеген фактылар жок деп билдирди. Доктор Акдактын айтымында, вирус кишиден кишиге жукпайт. Ал адатта канаттуудан адамга өтөт. Азырынча куштар тумоосунун жайылуу тездиги абдан төмөн, түрк өкмөтү ага каршы күчөтүлгөн чаралар көрүп жатат жана калкты да абдан этият болууга үндөөдө.

Ал тапта жекшембиде кечинде Түркиянын Ван провинциясына Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун миссиясы барды. Эл аралык адистер тобунун башчысы Гвинейл Родер да куштар тумоосу кишилер арасында жайылбайт деп ишендирди.

- Болжол менен ар бир 30-40 жылда канаттууларда кишиге жуга турган вирус пайда болуп турат. Биз бирок кооптуу илдет кишиден кишиге өтпөйт деген пикирдебиз. Дүйнөлүк саламаттык уюму кырдаалды жеринде дыкат иликтеп, куштар тумоосунун жайылышына каршы кандай чаралар көрүү керектигин изилдемекчи, - дейт Улуттар уюмунун атайын миссия башчысы.

Адистердин айтымында, Түркиянын чыгыш тарабындагы Ван провинциясында дагы кеминде 30 чакты киши ооруканага жаткырылды, ,бирок алар куштар тумоосунан жабыр тартканы тактала элек.

Дүйшөмбүдө башкалаа Анкаранын чет жактарында бир тууган ага-ини жана бир улгайган кишиден канатуулар вирусу табылганы кабарланды. Түркиядагы жашоо деңгээли эң төмөн чөлкөмдөрдүн бири Вандан кийин кооптуу вирустун өлкөдөгү алдыңкы аймактардын бири – Анкарада табылганы жугуштуу илдеттин алыскы узактыктарды багындыра алаарын айгинелейт деп эскертишет эксперттер. Буга чейин Кытайда жана Азиянын башка өлкөлөрүндө адамдардын өмүрүн алган куштар тумоосун изилдеген окумуштуулар вирус жапайы куштардан үй канаттууларына жуккан деген тыянакка келишкен. Жапайы куштарды ылаңдаткан вирус алар чокуган дан-чөптөгү шилекей, же заң аркылуу үй канаттууларына жайылат.

Адистер азырынча куштар тумоосу кандай жолдор аркылуу адамдарга жугаарын так аныктай элек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Мария Ченг азырынча топтолгон фактыларга таянып, кишилер ылаңдаган канаттууларды кармалап, аларды союп, чийки этин тамакка даярдаса, же оорулуу канаттуулардын шилекей, же башка калдыгы калган топурак, же башка жерден вирусту жуктуруп алышы ыктымал деген пикирде:

- Азырынча адамдар куштар тумоосун тамак-аштан жуктурган фактылар каттала элек. Жакшы бышырылган канаттуунун эти, же жумурткасы кишилер үчүн эч кандай коркунуч келтирбейт. Куштар тумоосу жайылган чөлкөмдөрдө адамдар аларды өз колу менен союп, этин тууралаган маалда жуктуруп алып жатышат.

Түркиядан тараган соңку кабарлардан улам Грузия менен Азербайжан Түркиядан канаттуулардын этин импорттоого тыюу салды. Орусиялык башкы эпидемиолог мекендештерин Түркияга саякаттап баруудан сактана турууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG