БИШКЕК. Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин коллегиясы баңгиликке каршы күрөшкөн бөлүктөрдүн 12 кызматкерин ар бирин 50 миң сом акча менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган агенттик тараткан маалыматта алдыңкы кызматкерлер ири өлчөмдөгү баңгизаттардын аткезчилигине бөгөт койгондугу жана Биргелешкен коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн «Канал-2005» операциясын Кыргызстан аймагында ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн сыйланып жатканы айтылат.
Баңгисоодасын көзөмөлдөгөн агенттик соңку айларда күч органдарынын биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында баңгизаттардын ири өлчөмдөгү партиялары кармалганын белгилейт. 2005-жыл этегинде эле Жалалабат областында 22 кг героин менен төрт адам колго түшкөн. Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Россияга героин ташыган кылмыштуу канал ашкере болуп, 2 кг героин менен баңгисоодагери кармалган. Ал эми Бишкекте 4 кг героин менен күч органдарынын документин алып жүргөн эки адам кылтакка илинген.
Эл аралык эксперттер Кыргызстанда мыйзамсыз ташылган баңгизаттардын эң көп дегенде он пайызы гана кармаларын белгилеп келатышат.