Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Түркиядан келген учактардын жүргүнчүлөрү текшерилүүдө


БИШКЕК. «Манас» аба майданында Түркиядан келген учактардын жүргүнчүлөрүн текшерүү күчөтүлдү. Туркиядан келген ар бир учактын жүргүнчүлөрү медицина кызматкерлери тарабынан текшерилип, алардын Түркиянын кайсы шаарларында жана канча мөөнөт болгондуктары такталууда. Бул тууралуу 10-январда «Манас» аэропортунун санитардык – көзөмөлдөө пунктунан билдиришти. Аба майданында ошондой эле Бишкекке башка чет өлкөлөрдөн келген учактардын жүргүнчүлөрдүн саламаттыгынын абалын текшерүү да жүргүзүлүүдө.
Бишкекке аптасына Стамбулдан үч рейс жасалат. Аптасына орто эсеп менен 700-750 жүргүнчү келет. Соңку маалыматтар боюнча Түркияда куш тумоосуна чалдыккандардын саны 14 адамга жетти. Үч адам бул илдеттен каза болду.

XS
SM
MD
LG