Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Түндүк Корея лидери Кытайда жүрөбү?


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир иш сапары менен Кытайга келгени тууралуу Түштүк Кореянын маалымат каражаттары билдирди. Маалымат расмий түрдө тастыктала элек. Иш сапардын максаты белгисиз. Кытайда буга чейин Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр бир нече жолу өткөн. Ким Чен Ир Кытайда акыркы ирээт 2004-жылы болгон эле. Ал эми былтыр октябрда Пхеньянга Кытай төрагасы Ху Цзиньтао барган.

XS
SM
MD
LG