Палестин автономиясындагы парламенттик шайлоо 25- январга белгиленген. Израилдин коргоо министри Шауль Мофаздын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, добуш берүү Иерусалимде беш жерде, почта бөлүмдөрүндө уюштурулат. Палестин жетекчилигинин өкүлү Саеб Эрекат алар азырынча Израилден бул боюнча расмий маалымат ала электигин билдирди. Мурдараак Палестин лидери Махмуд Аббас, эгер Чыгыш Иерусалимдеги палестиндердин бул саясий өнөктүккө катышуусуна урксат берилбесе, шайлоо токтотуларын билдирген.