Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Жөөт премьер- министри Ариэль Шарондун саламаттыгында айрым оң жылыштар бар


Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти. Алардын айтымында, эс – учун билбей ооруканда жаткан премьер- министр бүгүн оң капталын жана сол колун кыймылдаткан. Дарыгерлер кечээтен тарта аны жасалма уйкудан чыгаруу аракетин башташкан эле. 77 жаштагы Ариэль Шарон кеңири инсульт деген диагноз менен ооруканага өткөн шаршембиде түшкөн. Андан бери мээге кан куюлуусун токтотуу максатына эки ирээт операция жасалды. Дарыгерлердин айтымында, мээнин иштөө функциясына канчалык доо кеткенин аныктоо үчүн дагы бир нече күн талап кылынышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG