Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Украинанын парламенти өкмөттү отставкага кетирди


Украин парламенти - Жогорку Рада бүгүн премьер- министр Юрий Ехануров жетектеген өкмөттүн отставкасы үчүн добуш берди. Өкмөткө ишеним көргөзбөө жөнүндөгү чечимди 450 депутаттын 250сү колдоду. Парламентеги оппозициячыл фракциялар өкмөттү Орусия менен жакындагы газ келишимин Украина үчүн пайдасыз түзгөнү үчүн айыптаган эле. Ал келишимге ылайык, Украина көгүлтүр оттун ар бири 1000 кубометри үчүн мурдагы 50 доллардын ордуна 95 доллардан төлөйт.

Парламент ошондой эле бүгүнкү чечими менен азыркы өкмөткө жаңы өкмөт курулганга чейин кызмат – милдетин аткарууну тапшырды. Быйыл мартта Украинада кезектеги парламенттик шайлоо өтүшү керек. Украин президенти Виктор Ющенко парламенттин чечимин комментарийлеп, ал Конституцияга каршы келээрин белгиледи. Ал эми премьер- министр Юрий Ехануровдун айтымында, мунун менен парламент "укуктук вакуум" жаратты. Ехануров белгилегендей, азыркы өкмөт мартта шайлануучу парламент жаңы өкмөттү бекиткенге чейин иштемекчи.

XS
SM
MD
LG