Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

ООНдун АДАМ УКУКТАР БОЮНЧА КОМИССИЯСЫН РЕФОРМАЛОО АРАКЕТТЕРИ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан туура 60 жыл мурда, 1946-жылдын 10-январында Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Жалпы Ассамблеясынын биринчи сессиясы өткөрүлгөн. Маараке менен байланыштуу Бириккен Улуттарда эч атайын майрамдоо болгон жок, бирок 11-январда уюмдун Адам укуктар боюнча комиссиясынын жыйыны башталат. Бул комиссия реформаланууга тийиш жана ал тууралуу чечим март айына чейин кабыл алыныш керек.

Мурдагы Улуттар лигасынын ордуна Бириккен Улуттар Уюмун түзүү тууралуу АКШ, Кытай, СССР жана Улуу Британия 1944-жылы макулдашкан, анын эрежелери Сан-Франциско шаарында өткөн уюмдун негиздөөчү конференциясында 1945-жылдын 26-июнунда кабыл алынган жана күчүнө алар ошол эле жылдын 24-октябрында кирген. Эки жарым айдан кийин болсо, 1946-жылдын 10-январында Нью-Йоркто биринчи сессия башталган.

Уюмдун негизги максаттары - мамлекеттер арасындагы араздашууларды азайтып, пайда болгон пикир келишпестиктерди сүйлөшүү аркылуу чечүү жана дүйнөдөгү алсыз мамлекеттердин укуктарын камсыз кылуу менен кошо жалпы эле адам укуктарын коргоо болгон. Бирок дал ушул адам укуктарын коргоо багытында акыркы мезгилде бир топ маселе чыгууда.

2005-жылдын сентябрында өткөн Бириккен Улуттардын бийик жолугушуусунда уюмду реформалоо аракеттеринин бири катары Адам укуктар боюнча комиссиянын ордуна Адам укуктар боюнча атайын кеңеш түзүү чечими кабыл алынган. Комиссияга азыр 53 мамлекет кирет, ал бир жылда бир гана жолу эки аптага уланган жалпы жыйын өткөрөт, анын төрагалыгына болсо мүчө-мамлекеттер кезек менен шайланат. Мүчө-өлкөлөр да бир-бирин алмаштырып турат, ошондуктан жакында Комиссиянын мүчөлүгүнө АКШ шайланбай калган, ал эми адам укуктарынын одоно бузулушуна жол берген башка мамлекеттер шайланган жана комиссиянын төрагасы болуп Ливия сыяктуу мамлекет да шайланып кеткен.

Ошондуктан азыр ал комиссияны таратып, анын ордуна алда канча барктуу боло турган кеңеш түзүү аракеттери көрүлүүдө, ал кеңешке мүчө боло турган мамлекеттер Жалпы Ассамблеянын жыйынында үчтөн эки добуш менен шайланууга тийиш. Азыркы тапта мүчөлөр жөн гана көпчүлүк менен шайланат, Бириккен Улуттарга азыр 191 мамлекет мүчө.

Комиссиянын жыйыны 11-январда башталат жана аны толук реформалоо тууралуу чечим март айында өтө турган экинчи жыйынга чейин кабыл алынууга тийиш. Андан тышкары, Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде иштеген Бириккен Улуттар боюнча адис Эдвард Лактын айтымында, адам укуктарын коргоо аракеттери өздөрү да бир топ өзгөртүлүш керек:

"Адам укуктарынын абалын текшерүү жана абалды жакшыртуу боюнча чечим кабыл ала турган эксперттер - чатак чыккан аймактарга жиберилген бейпилдик күчтөрүнүн катарына кошулуш керек деген сунуштар айтылууда. Алар абалды жеринде текшерип, жөн гана тынчтык орнотпостон, жалпы абалды кантип оңдоо керек, мыйзам чыгаруу уюмдарын, сотторду, кылмышка каршы күрөшүү уюмдарын кантип түзүп, аларды кантип иштетиш керек деген сунуштарды айтат", - дейт Лак.

Эксперттин айтымында, Комиссиянын жалпы кадыр-баркы бир топ ылдый түшкөнү менен, анын эксперттеринин иши дайым жогору бааланат жана тиги же бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу Комиссия тарабынан чыккан докладдар дайым өтө жогору сапатта.

Комиссияны реформалоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканда АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтон жаңы сунуш менен чыгып, түзүлүп жаткан Адам укуктар боюнча кеңешке Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчө-мамлекетин кошуш керек деп билдирди. Бирок АКШнын өзүнүн эксперттери жана "Нью-Йорк таймс" менен "Интернешнл гералд трибюн" сыяктуу гезиттер аны 10-январда катуу сындап чыкты. Алардын айтымында, Кытай же Орусия сыяктуу өлкөлөр жаңы кеңешке туруктуу мүчө болуп кирсе, адам укуктарын коргоо аракеттери катуу тоскоолдуктарга дуушар болот.

XS
SM
MD
LG