Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Өзбектер кыргыздардан ыдык көрүп жатканы жөнүндө Президентке арызданышты


ЖАЛАЛАБАТ. Бул облустун аймагында жашаган өзбек калкынын өкүлдөрү Президент К. Бакиевге жолдогон кайрылуу катында улут аралык мамиле өткөн жылдагы март ыңкылабынан кийин солгундап кеткенин, аларга укук коргоо уюмдары жана аткаруу бийлиги куугунтуктоо жана туура эмес мамиле кылып жатканын белгилешкен. Алардын айтымында түрлүү жыйындар менен көчө-базарларда өзбек жана башка улуттарды жек көрүү сезиминдеги сөздөр ачык айтылчу болду. Жалалабат шаар мэриясында болгон аялдар өзбек элине шек келтиришип, 90-жылдагы Ош окуясын кайталоо менен коркутушкан. Аялдардын андай жоругуна алар менен жолугушкан шаар мэри жана губернатордун өкүлү да көңүл бурушкан эмес. Кыргызстандагы бардык улуттардын укуктары бирдей сакталмайынча өлкөдө экономикалык өсүү, турмуш жакшыруусу мүмкүн эмес. Коррупцияга каршы күрөш сөз жүзүндө гана жүрүп жатат. Жогорку бийлик өкүлдөрү да улут бөлүшөт. Өзбек улутунун өкүлдөрү өз кайрылуусунда президенттен бөлөк улуттарга болгон мамилеси жана ички саясатты жүргүзүүдөгү өз оюн маалымат каражаттары аркылуу ачык айтуусун өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG