Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:34

Арабаев атындагы окуу жайга жардыргыч коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты


БИШКЕК. 11-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына күндүзгү саат бирлерде белгисиз бирөөлөр телефон аркылуу Ишенбай Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин имаратына жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымдаган. Укук коргоо органдары тарабынан окуу жайдын имараты курчоого алынып, студенттер сыртка чыгарылган. Атайын даярдыктагы кызмат тарабынан иликтөө-иштери жүргүзүлүп, окуу жайдан жардыргыч зат табылган эмес. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиргенге караганда, учурда телефон аркылуу жалган маалымат берген адамды тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындай жалган маалымат берген адам кылмыш Кодексинин беренелерине ылайык жоопко тартылат.

XS
SM
MD
LG