БИШКЕК. Ажыга бараткан Кыргызстандык атуулдар түшкөн бир автобус Казакстандын аймагынан техникалык себептерден улам өрттөнүп кеткен. Андагы жүргүнчүлөр жабыр тартышкан эмес. Дагы бир автобус Казакстандын аймагынан “Джип” үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышып, автобустагылар жабыркаган жок. Автокырсыктан “Джиптеги” эки адам каза болгон. Бул тууралуу Мекедеги ажылык иштери боюнча Кыргызстандык штабдын мүчөсү, Дин иштери боюнча мамлекетик комиссиянын өкүлү Дауд Абды уулу 11-январда “Азттыкка” билдирди:
-Автобус маселеси чындыгында Кыргызстанда эле үрөйдү учураткан болчу. Ошол проблемалар мына эми келип чыкты. Автобус менен ажылыкка келишкен мекендештерибиз өз көздөрү менен көрүп күбө болушту. Биз былтыр эле автобусту токтоттук дедик эле, мына эми келерки жылы автобус менен ажылыкка баруу кескин түрдө токтотулат,-деп маалымдады Мекеден Дауд Абды уулу.
Быйыл ажылыкка баруучулардын жарымы 91 автобус менен сапар алышкан. Алардын канчасы Мекеге жеткени тууралуу так маалымат жок.