Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Казакстанда президенттин ант берүү аземи болду


Жаңы жети жылдык мөөнөткө шайланган казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн эл алдында ант берип, саясий стабилдүүлүк жана экономикалык өнүгүү багытын улантууга сөз берди. Андан аркы сөзүндө казак президенти Борбор Азиядагы коңшулаш өлкөлөр меен кызматташтыкка басым жасап, чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыздаш үчүн ич ара интеграция, жакындашуу жараянын тездетүү зарыл деп басым жасады. Назарбаевдин ант берүү аземине Орусия, Ооганстан, Грузия, Хорватия, Украина жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери катышты.

XS
SM
MD
LG