Украин президенти Виктор Ющенко парламентти өкмөттү отставкага кетирүү чечими менен өлкөдөгү кырдаалга чагым салууда деп айыптады. “Парламенттин кечээки чечими түшүнүксүз, логикага сыйбаган туура эмес кадам болду. Парламенттик шайлоого 80 күн калганда Украина ушундай чечимге арзыды беле? Бул жагдайды оорлоткондон башка эчтеме алып келбейт”. Украин депутаттары премьер-министр Юрий Ехануровду Орусиялык газ үчүн мурдагыдан дээрлик эки эсе кымбат төлөөгө макул болуп, өлкөнүн кызыкчылыктарын коргой алган жок деп сынга алып, өкмөттү отставкага кетирүү үчүн добуш берген.