Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Украиндагы саясий кризис уланууда


Украинанын өкмөтү бүгүн Киев шаарында жыйынга чогулуп, өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салуу маселелерин талкуулап жатат. 10-январда парламент өкмөттү толук курамы менен кызматтан кетирген, бирок өз милдетин аткара берүүгө уруксат берген. Парламенттеги көпчүлүк фракциялардын айтымында, Орусия менен чыккан газ чатагын чечүүдө өкмөт Украинанын улуттук кызыкчылыктарын коргой алган эмес. Астанада жүргөн президент Виктор Ющенко парламенттин чечимин мыйзамсыз деп атады жана бүгүн - парламент аны жокко чыгарууга тийиш деп билдирди. АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Уильям Миллер болсо 10-ноябрда Вашингтон шаарында чыгып сүйлөп, Киев Маскөөнү сотко бериш керек болчу деп билдирди, анткени эки өлкө ортосундагы мурдагы келишим 2009-жылга чейин түзүлгөн жана Орусия ал келишимди бузуп, газдын баасын көтөрүп жиберген.

XS
SM
MD
LG