Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Ирандын өзөктүк программасынан чыккан маселе Бириккен Улуттарда каралышы мүмкүн


Алмания, Улуу Британия жана Франциянын тышкы иштер министрлери бүгүн Берлин шаарында жолугуп, Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине коюуну чечти жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин шашылыш жыйынын өткөрүүгө чакырды. Мурда бул үч өлкөнүн өкүлдөрү Тегеран менен бир нече сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин Иран өзүнүн өзөктүк ишканаларын 2004-жылдын ноябрында убактылуу токтоткон, бирок өткөн август айында Исфана шаарындагы жана январдын онунда Натанз шаарындагы уран байытуу ишканаларын кайра ачты. АКШ, Батыш Европа жана Орусия жетекчилиги Ирандын бул аракетин сынга алды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн билдиргенге караганда, эмки аптада Лондон шаарында АКШ, Европа Биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрү чогулуп, маселени дагы бир жолу талкуулайт.

XS
SM
MD
LG