Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

Чаектиктер нааразылык иш чарасын ишембиде башташы мүмкүн


БИШКЕК. 12-январда Жумгал районунун Чаек айылында митинг өтмөк. Бирок, өкмөттүн Каракечеге берүүчү 30 млн сом карыз каражатын өндүрүп келүү үчүн Каракече көмүр кенинин өкүлдөрү Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровго кетишкендигине байланыштуу митинг убактылуу токтогонун Нурлан Мотуев 12-январда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эгерде Ички иштер министрлиги тарабынан аны куугунтуктоо токтотулбаса, Каржы министрлиги Каракече көмүр кенине тиешелүү акча каражатын бербесе, 14-январда Чаектеги мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында “Жоомарт” жаштар кыймылынын өкүлдөрү нааразылык акциясын уюштурушат:

-Башкы прокуратурадан санкция деле жок экен. Болгону Ички иштер министрлигинен чакырык кагазы бар экен. Ошол чакырык кагаз мына деп көрсөтүшүп алып кете турган болушту. Аларда командировкалаган кагаздары да жок экен. Бишкектен чыгышкандан кийин командировкага делген атайын кагазы болуш керек эле. Бул мыйзамсыз. Ал эми эл ИИМдин милицияларын балким Камчыбек Жолдошбаев жибериши мүмкүн дешип күмөн болушуп, каршы болушту. Чогулган эл райондук ички иштер бөлүмүн өрттөйбүз дегенде, койгула деп мен аларды токтотуп калдым.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиргенине караганда, Нурлан Мотуевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишине байланыштуу 8-январда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери чакырык кагазын берүү максатында Жумгал районуна барышкан. Бирок Нурлан Мотуевди колдоп чогулган эл укук коргоо органдарына каршылык көргөзүшкөн. Алардын мындай аракети мыйзамга ылайык келбейт, деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматынан.


Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 13-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1 градус.
Таласта түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында -2…-7, күндүз -3…+2 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -1…+1 градус.

Бурул Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG