Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:18

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы билдирүү таратты


БИШКЕК.Rоалициясы тараткан билдирүүдө Бишкек шаардык прокурор Учкун Каримовдун бир катар журналисттерге, саясий ишмерлерге карата эскертүүсү сөз эркиндигине жана саясий ишмердүүлүктүн эркиндигине кол салуу болуп эсептелет, деп айтылат. Ошондой эле аталган коалиция президент Курманбек Бакиевди прокуратуранын кызматкерлеринин билдирүүсүн жокко чыгарууга, Кыргызстанда Конституциялык укукту жана эркиндикти камсыз кылууга чакырган. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы президент Курманбек Бакиевдин буга чейинки бир катар билдирүүлөрүн эске алып, президенттик кол тийбестикти алып салуу мүмкүнчүлүгү келип чыкканын белгилеп, Жогорку Кеңешти президенттин ар намысын жана абийирин коргоо боюнча “Кыргыз Республикасынын президентинин кепилдиктери” жөнүндөгү мыйзамдын 4 беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG