Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Шаар прокурору президентти ашкере сындаган саясатчыларга жана журналисттерге эскертүү берди


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин абийирине, ар-намысына шек келтирди деген негиздеме менен Бишкек шаардык прокуратурасы бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана саясатчыларга эскертүү берди. Мындай эскертүү алгандар - «Лица» гезитинин баш редактору Бермет Букашева, «Комсомольская правда-Кыргызстан» гезитинин баш редактору Александр Кулинский, Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков, Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыков, дарыгер жана саясатчы Кубанычбек Апас. «АКИпресс» агенттигинде маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө шаар прокурору Учкун Каримов мыйзамдуулукту сактоо аракетин көрүп жатканын баа белгиледи. Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү, куугунтуктоо аракеттери менен эч кандай байланышы жок деп эсептеди.
Кылмыш кодексинин 127 беренесине ылайык жалган жалаа жапкан адам айлык маянанын 100 миң сом өлчөмүндө айып төлөөдөн тартып 3 жылга эркинен ажыратууга чейинки жазага тушугат.

XS
SM
MD
LG