Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Мамлекеттик тил маселелерин талкуулаган жыйын өттү


БИШКЕК. Мамлекеттик тилге болгон мамиле тиешелүү деңгээлге жете элек. Коргоо, юстиция министрликтери иш-аракеттерин мамлекеттик тилде жүргүзүү багытында жакшы саамалыктарды баштаганы менен айрым министрликтер ага маани бербей жатышат. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Ташбоо Жумагулов 13-январда Бишкекте өткөн мамлекеттик тил маселелерине арналган республикалык жыйында жасаган баяндамасында билдирди. Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, министрликтердин, облустук бийликтердин өкүлдөрү, акын-жазуучулар катышкан бул жыйында улуттук тил комиссясынын өткөн жылы жасаган иши, быйылкы жылдагы иш аракеттери, кыргыз тилин өнүктүрүүнүн азыркы абалы тууралуу баяндамалар жасалды. Жыйында баш мыйзамдан орус тилине берилген расмий тил макамын алып, орус тилин эл аралык байланыштын тили деп гана киргизүү тууралуу да сунуштар айтылды. Акырында жыйын катышуучулары өлкө калкына кайрылуу кабыл алышып, анда өлкө эгемендүүлүккө жеткени менен эне тил толук эгемендикке ээ боло албай жатканы, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү кечеңдетилип жатканы, кыргыз тилинин келечеги үчүн жалпы журт жапа-тырмак киришүү зарылдыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG