Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Ошто облустук сотту басып алуу аракети болду


ОШ. Сот чечимине нааразы болгон эки жүздөн ашуун атуулдар Ош облустук сотунун алдында нааразычылык акциясын улантышты. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган сот чечимин кайра карап чыгуунун талап кылышууда.
Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо Медербек Мырзабеков жалпы шайлоочулардын 26,6 пайыз добушу менен биринчи орунга, 26 пайыз менен Жаныбек Муратов экинчи орунга чыккан. Карасуу райондук шайлоо комиссиясынын чечими менен Медербек Мырзабеков айыл өкмөтүнүн башчысы деп табылган эле. Андан соң Жаныбек Муратов 263-шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча нааразылыгын билдирип, Карасуу райондук сотуна кайрылып утуп алган. Андан соң Ош облустук соту да райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, 263-шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарган чечим чыгарган. Райондук жана облустук соттордун чечиминин негизинде жогоруда аталган участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып салуу менен Ош облустук шайлоо комиссиясы үчүнчү орунга чыккан талапкер Абдымиталип Приизди айыл өкмөтүнүн башчысы деп таануу жөнүндө токтом чыгарды. Окуянын мындай өнүгүүшүнө нааразы болгон Папан айыл өкмөтүндөгү Медербек Мырзабековдун жактоочулары Прииизди айыл өкмөтүнүн имаратына киргизбей коюшту.

XS
SM
MD
LG