Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Кыргызстандык зыяратчылар аман-эсен

БИШКЕК. Ажылык милдетин өтөгөнү Меккеге барган кыргызстандык зыяратчылардын баары аман-эсен. Бул тууралуу «Азаттыкка» телефон аркылуу Меккеден кыргызстандык зыяратчы Каныбек Сейдалиев 13-январда билдирди. Анын айтымында, бейшемби күнү Жамарат аймагында болгон шайтанга таш атуу жөрөлгөсү учурунда тепсендиде калып, набыт болгон 300дөй адамдын арасында кыргызстандыктар жок. Зыяратчылар 14-январда кошумча ибадаттарын аткаруу үчүн Медина шаарына жөнөшөт. Ал эми 17-январдан тарта учак менен барган зыяратчылар Кыргызстанды көздөй жөнөй башташат. Автобус менен баргандары 20-январдан кийин жолго чыгышат. Жалпысынан быйыл Меккеге Кыргызстандан беш миң зыяратчы барган. Бирок автобус менен барган зыяратчынын канчасы Ажылыктын негизги жөрөлгөсү болгон Арафат тоосундагы ибадаттарга үлгүргөн-үлгүрбөгөнү азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG